Ачылыштар.
Дем.
Ийгилик.

Вакансиялар

imagesБашкаруу боюнча Кеңешчилер Институту

экономика, журналистика жана башка жогорудагыларга байланыштуу факультеттердин 3-5 курсунун студенттерин 10 июлдан 01 сентябрга чейин такшалмага чакырат.

Такшалма (стажировка) алкагында Сиздер төмөндөгү тармактарда пайдалуу тажрыйба жана билим аласыздар:

  • Эл аралык донорлор жана мамлекеттик уюмдар тарабынан жарыяланган тендерлерге долбоордук табыштамаларды (заявка) түзүү;
  • Сайтты башкаруу, Социалдык медиалардагы маркетинг (SMM), ар кандай иш-чараларды уюштуруу, ММКтары менен иштөө.

Такшалма (стажировка) убагында эмнелерди алса болот:

  • PR, маркетинг,  башкаруу консалтинг, долбоордук табыштамаларды (заявка) даярдоо тармактарындагы окуу материалдарын жана презентацияларды алуу;
  • Өзүңүздүн келечектеги профессионалдык өнүгүүңүзгө керек боло турган тармакта иштеген кеңешчилер жана эксперттер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү.

IMC Kyrgyzstanбул башкаруу консалтинг, финансыларды башкаруу, HR, IT, ISO, аудит, мамлекеттик башкаруу, маркетинг жана бизнес-пландоо чөйрөсүндөгү кеңешчилердин профессионалдык бирикмеси. IMC мүчөлөрү – Борбордук Азиянын мыкты кеңешчилери.

 Такшалмага (стажировка) катталуу үчүн 10 июлга чейин pr@imc.kg электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көч., 197, 5-кабаттагы (Токтогул көч. кесилишинде) офиске резюме жана мотивациялык катты тапшыруу керек.

 Жайды пайдалуу жана келечектеги перспектива менен өткөрүңүздөр!

Такшалманын (стажировка) аягында такшалманы өткөндүк жөнүндө документ жана рекомендациялык кат берилет.

Келечекте студентке пайдалуу шарттарда (толук эмес жумуш күнүнө) жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү телефондорго чалыңыздар:

0996 (0312) 66 19 82

0996 (0770) 654 207

www.imc.kg

Урматтоо менен, IMC Kyrgyzstan командасы.