Ачылыштар.
Дем.
Ийгилик.

Этикалык кодекс

Мен, бийик адептүү профессиянын өкүлү катары, өзүмдүн профессионалдык ишмердүүлүгүмдө төмөнкү принциптерди сактоого жоопкерчилик алам:

 Кардарга карата

  1. Өзүмдүн кызматтарымды кардарга ак ниеттүүлүк, компетенттүүлүк, көз каранды эместик, калыстык жана профессионализм принциптеринин негизинде көрсөтүү.
  2. Кызматташуунун башынан баштап кардар менен биргеликте өзүмдүн кызматтарымдын жыйынтыктарынан реалисттик күтүүлөрдү белгилөө.
  3. Биз көрсөткөн кызматтын эффективдүүлүгүн камсыздоо үчүн мен жана менин кесиптештерим керектүү тажрыйбабыз жана компетенциябыз бар болгон маселелерди чечүүгө гана киришем жана кесиптештеримди катыштырам.
  4. Кардар менен талкууланып жаткан долбоордун максаттары жана ал боюнча кызмат акы төлөө жөнүндө өз ара түшүнүшүүнү кардардын алдында жоопкерчиликти алуудан мурун камсыздоо.
  5. Коомчулукка белгисиз болгон кардардын жашыруун маалыматы менен тиешелүү пайдалануу жана ыйгарым укугу жок тараптардын үстүдөгү маалыматты алуу мүмкүндүгүн чектөө үчүн жетиштүү чараларды көрүү, ошондой эле кардардын маалыматтык менчигин өзүнүн жеке же башка кардардын максаттарына жетүү үчүн жана ушул кардардын уюмуна анын уруксатысыз пайдалануу.
  6. Өзүнүн кызыкчылыгынын кардардын кызыкчылыгына кагылышуу мүмкүнчүлүгүн алдын алуу жана менин калыстыгым менен долбоор боюнча пикириме таасир бере турган шарттар жана кызыкчылыктар жөнүндө тез арада кардарга кабар берип туруу.
  7. Менин калыстыгым жана көз карандысызтыгым, пикиримде, күмөн болсо кардарга тапшырма боюнча келишимди бузууну сунуштоо.
  8. Долбоорду ишке ашыруу учурунда кардар менен макулдашпастан кардардын уюмунун кызматкерине жумушту сунуштоодон баш тартуу.

 Коммерциялык ак ниеттүүлүккө карата

  1. Кызмат акы деңгээли менен долбоор боюнча чыгымдарды кардар менен алдын ала макулдашуу, ошол эле учурда, кызмат акынын деңгээли көрсөтүлгөн менен кабыл алынган жоопкерчилик салыштыраарлык болушу керек.
  2. Кардардын уруксатысыз менин кардарга берген сунуштарыма байланыш мүмкүнчүлүгү болгон үчүнчү тараптан кызмат акы албоо, ошондой эле менин сунуштарымдын натыйжаларына тиешеси болуу мүмкүнчүлүгү бар товар же кызмат түрүндөгү өзүмдүн финансылык кызыкчылыктарым жөнүндө кардарга билдирүү.

 Коомчулукка жана профессияга карата

  1. Өзүмдүн профессионалдык функцияларымды аткаруу убагында кызматтык кылмыштарды же башка мыйзамсыз аракеттерди тапкан учурларда кардарга маалымдоо.
  2. Кесиптештердин жана кеңеш берүүчү фирмалардын укуктарына сый мамиле кылуу жана уруксаатсыз алардын маалымат менчиктерин пайдаланбоо.
  3. Кардарлар, кесиптештер жана коомчулук менен мамилелеримде кеңешчинин кесибин ак ниеттүүлүк жана профессионалдуулук менен көрсөтүү.
  4. Өзүнүн кызматтарын так формада, жаңылыштыктарга дуушар кылбай илгерилетүү/рекламалоо жана башка кеңешчилерди же кеңеш берүүчү фирмаларды жалган жагынан же жамандап көргөзбөө.
  5. Кеңешчилердин ушул кодексти бузуулары жөнүндө БКИтун маалымдоо.

2010 жылдын 14 январында БТК БАИнун Убактылуу Башкаруу Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 Эскертүү:

Бул Кодекстин максаты болуп кеңеш берүү практикасына профессионалдык этикалык нормаларды киргизүү, аларды пропагандалоо жана профессионалдык ишмердүүлүгүн жүргүзгөндө же профессия боюнча кесиптештери менен жана коомдо өз ара мамиле түзүүдө Институттун мүчөлөрү тарабынан сактоону камсыздоо.

Профессионалдык этикалык нормалардын практикасы, баарынан мурда кардарлардын уюмдарынын кызыкчылыктары үчүн маанилүү жана кеңешчи профессиясынын өкүлдөрүнө кардарлар тараптан тийиштүү деңгээлдеги ишенимди жаратууга керек.

БКИнун ар бир мүчөсү ушул Кодекстин принциптерине макулдугун жазуу түрүндө тастыктайт жана аны так сактоого милдеттүү.

БКИна мүчөболуу жана аны тастыктоо ушул Кодекстин принциптерине макулдук катары эсептелет.

Кодексти бузуу учурларында, Институттун мүчөлөрүнө БКИнун Этика жана Профессионалдык Стандарттар Комитетинин чечими боюнча тартипке чакыруу чарасы көрүлөт. БКИнун Этика жана Профессионалдык Стандарттар Комитетинин иштөө регламенти БКИнун Башкаруу Кеңеши тарабынан кабыл алынган тийиштүү документте жазылган.