Ачылыштар.
Дем.
Ийгилик.

БИЗ ЖӨНҮНДӨ

Башкаруу боюнча Кеңешчилер Институту (БКИ) 2009 жылы башкаруу боюнча профессионалдык кеңешчилердин коомдук жана илимий бирикмеси катары түзүлгөн. Биз акыркы 10 жылдын ичинде 300дөн ашуун консалтингтик долбоорлорду ишке ашырган Борбордук Азиянын 30дан ашык эксперт-кеңешчилерин бириктирип турабыз.

БКИнин мүчөлөрү башкаруу боюнча кеңешчи кесибин өнүктүрүүгө кызыкдар, алардын ар бири Уставда аныкталган максаттарга жетишүүдө көмөк көрсөтүүгө милдетүү:

Башкаруу боюнча кеңешчилердин профессионалдык ишмердүүлүгүн жана Кыргызстанда БКИнун уюмдук өнүгүүсүнө керектүү шарттарды түзүү;

  • ICMCI дын белгилеген талаптарына жана ченөлчөмдөрүнө ылайык Борбордук Азиянын кеңешчилерин тастыкташтурууну уюштуруу жана өткөрүү;
  •  Башкаруу боюнча кеңешчилердин ишмердүүлүгүнүн  профессионалдык ченөлчөмдөрүнүн жана чектеринин (тартибинин) калыптанышына, кеңеш берүү ишмердүүлүгүнүн цивилизациялуу нормаларын жана эрежелерин түзүлүшүнө көмөк көрсөтүү;
  • Квалификацияны (дасык) жогорулатууга, маалымат жана тажрыйба алмашууга, башкаруу боюнча кеңешчилердин арасында профессионалдык жана башка байланыштарды бекемдөөгө, Кыргызстандагы жана башка мамлекеттердеги уюмдардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, башкаруу консалтинг чөйрөсүндө (жаатында) эл аралык байланыштарды өнүктүрүү.

БКИнун миссиясы:

Биздин бирикме башкаруу боюнча кеңешчилердин профессионалдуулугун жогорулатуу жана консалтингти тармак катары өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасын комплекстик өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү.

Биз коңшу мамлекеттердеги кесиптештерибиз менен тыгыз кызматташууга даярбыз,анткени мамлекетибиздин өнүгүүсүн Борбордук Азия регионунун өнүгүүсү контексти аркылуу болот деген ойдобуз.

Биздин уюм такай (үзгүлтүксүз) жаңы эксперттер менен толукталып жатат жана төмөңкүлөрдү сунуштайбыз:

Эксперттер жана кеңешчилер үчүн

Донорлор үчүн

Мамлекеттик сектор үчүн

Бизнес үчүн

Башталгыч бизнес үчүн (Start Up)

Өнүккөн бизнес үчүн

Коммерциялык эмес уюмдар үчүн

ММКтар үчүн

Жыйынтыгында

Биз бизнес-ассоциациялар жана эксперттердин бирикмелери аркылуу Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышабыз, ойлорубуз жана идеяларыбыз менен бөлүшөбүз, өзүбүздүн мүчөлөрүбүздүн, өнөктөштөрүбүздүн жана бизнестин кызыкчылыктарын коргойбуз.

 

БКИнун мүчөлөрү жана өнөктөштөрүнүн аракеттери менен алдыда, башкаруу консалтингти Кыргызстанда тармак катары өнүктүрүүгө багытталган, албан пландарыбыз бар. Алар “Башкаруу жаатында жылдык премия”, “Кещешчинин мектеби”, “БКИнин жарчысы” ж. б. у. с. сыяктуу долбоорлор.

Байланышуу

“Башкаруу боюнча Кеңешчилер Институту” Коомдук Бирикмеси

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., Тыныстанов көч., 197 үй, 5-кабат,

Тел./Факс: +996 312 66 19 82,

Интернет дарек: www.imc.kg, Эл. почта: pr@imc.kg

Бизди кантип тапса болот:

Схема проезда