Ачылыштар.
Дем.
Ийгилик.

“Консалтинг жана бизнес онугуп жаткан дуйнодо” атту үчүнчү улуттук форум болуп оттү.

1503565_10151793741657405_577510441_n

Бул масштабдуу иш чара компаниялардын консалтингдик жардамга болгон муктаждыгын(керектоосун) табууга жана иш чаранын катышуучуларынын ортосунда оноктоштук мамилелерди тузууго аянтча жардам берди. Форумда онугуп жаткан дуйнодогу анын ичинде  Кыргызстандагы бизнес жана консалтингдин оз ара аракеттешуусу талкууланды.

Консультанттардын форумунда төмөндөгүдөй маселелер көтөрүлдү: “Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин көйгөйлөрү”, “бизнес ассоциациялардын КРнын өкмөтү менен болгон алакасы”, “Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн орто жана чакан бизнесинин продукцияларынын экспорттто өзгөчөлүктөрү” жана башка маселелер. Андан сырткары Казакстандан келген спикерлердин төмөнкү темалар боюнча кеп козголду:

«Эл аралык консалтинг» – Кира Мюллер / Менеджмент боюнча Профессор / Казах-Британ техническикалык университети;

« Учурдагы реигоналдык бирикмелер (же аймактык, чолкомдук)”: интеграциялык процесстердин натыйжалуулугун анализдөөнүн инновациялык ыкмасы жана экономикалык өсүштүн факторлору» –  Хусаинов Б. Д., Профессор, глобализацияларды жана интеграцияларды изилдоо болумунун жетекчиси, экономика илиминин доктору / Казахстан.

 

Улуттук форум – бул консалтинг менен бизнестин, консалтинг менен мамлекеттик мекемелердин, консалтинг менен эл аралык уюмдардын жана консалтинг менен билим беруучу мекемелердин ортосундагы копуро болуучу иш чара.

 

Форумдун негизги максаты томонку суроолорду которуу:

  1. Кыргыз Республикасындагы консалтинг тармагын онуктуруу жана бекемдоо;
  2. Консалтинг тармагын менчик сектордун ар турдуу чойролорундо алга жылдыруу;
  3. Азыркы замандын шартында бизнести эффективдуу башкаруу;

 

Форумдун катышуучулары бул – коммерциялык мекемелердин, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик жана билим беруу мекемелеринин окулдору, жеке ишкерлер, жана ошондой эле консалтингдик жардам беруучу фирмалардын окулдору.

Мындан тышкары, форум учурунда катышуучулар Кыргызстандагы консалтингдик фирмалардын кызматтары менен меймакананын фойесинде коргозмо болуп оттү.